Индонезияда жер титирөө болду

Жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилген жок.

1887064
Индонезияда жер титирөө болду

Индонезиянын Түндүк Суматра провинциясында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Геологиялык Кызматы (USGS) жер титирөөнүн Сиболга шаарынан 40 километр түндүк - чыгышта жана 13,2 километр тереңдикте болгонун жарыялады.

Индонезиянын метеорология, климатология жана геофизика агенттиги жер титирөөдөн 1 кишинин каза болгонун, 9 кишинин жаракат алганын билдирди.

Жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилген жок.

 

 



Тектеш кабарлар