Россия Украинанын 4 облусун аннексиялады

Россиянын Президенти Владимир Путин Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын Россияга кошулушуна карата келишимдерге кол койду.

1887012
Россия Украинанын 4 облусун аннексиялады

Россиянын Президенти Владимир Путин Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын Россияга кошулушуна карата келишимдерге кол койду. 

Владимир Путин борбор шаар Москывада берген билдирүүсүндө Россияга кошо  турган облустарды сүйлөшүү темасы кылбай тургандыгын белгилеп : "Киев башкаруусун аскердик  аракеттерди токтотууга жана сүйлөшүү столуна отурууга чакырабыз",- деди. 

Сөзүндө глобалдык азык  - түлүк кризисине да токтолгон Путин : "Украинадан чыгарылган дан Европа өлкөлөрүнө кетип жатат. Дандын 5 пайызы гана жакыр өлкөлөргө кетти. Бул алдамчылык",- деди. 

"Түндүк Агым 1" жана "Түрк Агым 2"  жаратылыш газ куурун бутага алган саботаждарга да баа берген Путин : "Батышка инвестициялар жеткен жок, Балтика деңизинин түбү аркылуу  өткөн Түндүк Агым жаратылыш газ куурларын жардыруу менен саботажга киришишти",- деди. 

Россиянын Президенти Путин : "Батыш бул чоң өлкөнү колубуздан алууга аракет кылышты. Бирок бир Россия катары кыйраган жокпуз.Батыш гегомониясы астына кирген жокпуз. Батыштын эрежелери эки жүздүүлүк. Миңдеген жылдык Россия эч качан бирөөнүн эркине моюн сунбайт. 

Мындай улутчулдук эч качан Россияда болгон эмес, Батыштын орус калкына каршы фашисттик мамиле ичинде экендигин көрүп турабыз. Өздөрү өткөн күндө кылган кылмыштарын кабыл алуунун ордуна башкаларды күнөөлөөгө аракет кылып жатышат". 

 



Тектеш кабарлар