Пентагон Түркия менен Грецияны диалогго чакырды

Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында күн тартибиндеги маселелер боюнча баа берди.

1885404
Пентагон Түркия менен Грецияны диалогго чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер Түркия менен Грецияны диалогго чакырды.

Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында күн тартибиндеги маселелер боюнча баа берди.

«Түркия Эгей деңизиндеги аскердик эмес статуска ээ эки аралга АКШдан чыккан брондолгон унааларды жеткиргени үчүн Греция менен АКШга нааразылык нотасын берди. Аймакта кандайдыр бир машыгууларыңыз же билим берүүңүз барбы? Түркиянын нааразычылыгына жообуңуз кандай?» деген суроого Райдер: «Мен ал жерде (АКШ тарабынан) эч кандай машыгуулардан кабардар эмесмин." деп жооп берген америкалык генерал:«Түркия менен Греция НАТОнун эки маанилүү өнөктөшү жана биз аларды потенциалдуу чыңалууну азайтуу үчүн конструктивдүү диалогго чакырабыз»,-деди.

«Анкарада АКШны аймактагы чыңалууну күчөтүп, чыңалууга салым кошот деген сындар бар. Сиз бул сындарга кошуласызбы же кандай жооп бересиз?» деген суроого, Райдер: «Түркия эки тараптуу карым-катнаштарыбызда укмуштуудай маанилүү НАТО өнөктөшү. Биз Түркия баш болгон НАТОдогу өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташууну улантабыз»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар