Илон Маск Forbesтин рейтингинде биринчи жолу эң бай адам болду

Илон Маск, 4 жыл катары менен биринчи орунда турган Amazonдун мурунку жетекчиси Жефф Безосту 2022-жылы экинчи орунга түрттү.

1885600
Илон Маск Forbesтин рейтингинде биринчи жолу эң бай адам болду

"Тесла" жана "SpaceX" технологиялык компанияларынын жетекчиси Илон Маск, Forbesтин эң бай 400 ишкер рейтингинде алгач ирет биринчи орунду ээледи.

Америкалык бизнес журналы "Forbes" тарабынан 41-жолу жарыялаган эң бай 400 ишкердин тизмесине караганда Илон Маск былтыркыга салыштырмалуу байлыгын 60 миллиард долларга көбөйтүп быйыл алгач ирет биринчи орунду ээледи.

Илон Маск, 4 жыл катары менен биринчи орунда турган Amazonдун мурунку жетекчиси Жефф Безосту 2022-жылы экинчи орунга түрттү.

Масктын АКШнын эң бай бизнесмени болушуна Тесла акцияларынын 11 пайызга өсүшү себепкер болгону айтылды.

Тизмеде Amazon акцияларында 27 пайыздык жоготууга учураган Безостан кийин программалык камсыздоону иштеп чыгуучу жана инвестор Билл Гейтс турат.

Ал эми Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукерберг былтыр тизмеде 3-орунда болсо, быйыл 11-орунга түшүп алдыңкы 10го кире алган жок.

2021-жылдын сентябрынан бери байлыгынын жарымынан көбүн (76,8 миллиард доллар) жоготкон Цукерберг, "Forbes" журналынын акыркы жылдагы эң көп акчасын жоготкон 400 бай адамдын арасында да биринчи орунда турат.



Тектеш кабарлар