АКШ өз жарандарын Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын Москвадагы элчилигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусияда жарым-жартылай мобилизация процессинин башталганы эске салынды.

1885767
АКШ өз жарандарын Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Москвадагы элчилиги өз жарандарын Орусиядан дароо чыгып кетүүгө чакырды.

АКШнын Москвадагы элчилигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Орусияда жарым-жартылай мобилизация процессинин башталганы эске салынды.

Орус жарандыгын алган АКШ жарандарынын да аскердик кызматка чакырыла ала тургандыгы кабарланган билдирүүдө, мындай учурда АКШнын бул жарандарга жардам бере албастыгы маалымдалды.

Орусиядагы коммерциялык каттамдардын да чектелген абалда экени баса белгиленип, Орусиядан кеткиси келген АКШ жарандарынын тез арада чара көрүүлөрү керектиги айтылды.

Билдирүүдө: «АКШ жарандары Орусияга барбашы керек, Орусияда жашагандар Орусиядан дароо чыгып кетүүсү керек»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар