Орусия Жапониянын консулун кармап алды
Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) маалымат таратты.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Жапониянын Владивостоктогу консулу Мотоки Тацунорини «Таратылышы чектелүү маалыматтарды алганы үчүн» кармады.
ФСБнын билдирүүсүндө, «Жапониянын Владивостоктогу консулу Мотоки Тацунори Орусиянын Азия-Тынч океандагы өлкө менен кызматташтыгы жана Батыштын санкциялык саясатынын Приморский чөлкөмүндөгү экономикалык кырдаалга тийгизген таасири тууралуу таркатылышы чектелген маалыматты акча ордуна алып жаткан жеринен кармалды»,делди.
Орус тараптын окуяга байланыштуу Жапониянын Москвадагы элчилигине нааразылык нотасын жибергени белгиленген билдирүүдө, Тацунори «дипломатиялык статусунан тышкары иш кылган» деген жүйө менен «персона нон грата» деп жарыяланганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 206 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.