Мостарда автожол долбоорун түрк фирмасы ишке ашырат

Автожолдор башкармалыгы билдирүү жасады.

1884951
Мостарда автожол долбоорун түрк фирмасы ишке ашырат

Босния-Герцеговинанын түштүгүндөгү Мостарда автожол долбоорун түрк фирмасы ишке ашырат.

Босния-Герцеговинанын борбор шаар Сараеводогу Автожолдор башкармалыгынын имаратында, автожол долбоорунун алкагында курула турган Мостар Түндүк-Мостар түштүк бөлүгү үчүн түрк фирмасы Yüksel Proje менен келишимге кол коюлду.

Босниянын Автожолдор башкармалыгынын билдирүүсүндө, курула турган жолдун узундугу 14,2 километрди түзүп, жол долбоорунун алкагында айланма кесилиштер, 5 туннель жана 10 өтмөк курула турганы, 2023-жылы башталышы пландалган долбоордун 3 жылда бүткөрүлүшү максат кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар