«Союз МС-22» космоско учурулду

«Союз МС-22» космостук кемесинин учурулушу, Роскосмос менен НАСАнын расмий социалдык тармактарында түз эфирде көрсөтүлдү.

1883109
«Союз МС-22» космоско учурулду

Орус космонавттары Сергей Прокопьев менен Дмитрий Петелин жана америкалык астронавт Фрэнсис Рубиону ташыган орусиялык "Союз МС-22" кемеси Казакстандын Байкоңур космодромунан космоско учурулду.

Орусиянын Федералдык космос агенттиги Роскосмос менен Америка Кошмо Штаттарынын Аэрокосмикалык агенттигинин (НАСА) ортосунда кол коюлган биргелешкен кайчылаш учуу келишиминин алкагында ишке ашырылган биринчи космостук учуу кечээ Түркия убактысы боюнча саат 16.54тө Байконур космодромунан аткарылды.

«Союз МС-22» космостук кемесинин учурулушу, Роскосмос менен НАСАнын расмий социалдык тармактарында түз эфирде көрсөтүлдү.

Эл аралык космос станциясында 188 күн боло турган Орусиянын космостук тобу бул убакыт ичинде 5 жолу космостук сейилдөөлөргө чыгат.



Тектеш кабарлар