Кытай чөйрөнү байкоо спутниги «Юнхай-1ди» космоско учурду

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда «Юнхай-1 03» спутиниги Long March-2D ташуучу ракетасы менен өлкөнүн Сючюэн спутник борборунан учурулду.

1882586
Кытай чөйрөнү  байкоо спутниги «Юнхай-1ди» космоско учурду

Кытай атмосфера, деңиз жана космос чөйрөсүн байкоодо колдонулган «Юнхай-1» спутниктеринин үчүнчүсүн космоско учурду.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда «Юнхай-1 03» спутиниги Long March-2D ташуучу ракетасы менен өлкөнүн Сючюэн спутник борборунан учурулду.

Спутник учурулгандан кийин пландалган  орбиталык позицияга орношкондугу билдирилди.

Шанхай космостук учуу технологиялык академиясы (SAST) тарабынан иштелип чыккан спутник илимий изилдөөлөр жана кырсыктарды алдын алуу боюнча изилдөөлөр үчүн колдонулат.

«Юнхай-1»  спутниктеринин биринчиси 2016 -  жылы ноябрь айында, экинчиси 2019 -  жылы сентябрь айында орбитага жиберилген.Учуруу Long March ракетасы менен аткарылган 438 - ийгиликтүү миссия болду. 

 

 



Тектеш кабарлар