Британия Путиндин мобилизация жарыялоосунун тынчсыздантуучу экендигин билдирди
Гилиан Киган Россиянын президенти Владимир Путиндин жарым - жартылай мобилизация жарыялоосунун чыңалуунун күчөшүндө тынчсыздануу жаратып жатканын жана бул коркунучтарга олуттуу каралуусу керект
Британияда Парламенттин тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Гилиан Киган Россиянын президенти Владимир Путиндин жарым - жартылай мобилизация жарыялоосунун чыңалуунун күчөшүндө тынчсыздануу жаратып жатканын жана бул коркунучтарга олуттуу каралуусу керектигин айтты.
Россиянын Экинчи Дүйнөлүк согушунан (1939 - 1945) бери биринчи аскердик мобилизациясын жарыялаган Россиянын президенти Путин батыш өзөктүк шантажын уланта турган болсо Москванын болгон күчү менен жооп бере тургандыгы боюнча эскерткен.
Киган Sky Newsке берген маалыматта : "Ачыкчасы бул абдан олуттуу каралышы керек болгон нерсе, анткени билесиздер көзөмөл бизде эмес, Путиндин да чындыгында көзөмөлдүү экендигине ишенбейм. Бул ачыкча чыңалуунун күчөшү",- деди.
Киган БиБиСиге берген маегинде да : "Бул үрөй учурган нерсе. Бул олуттуу бир коркунуч, бирок мындан мурда болгон коркунуч",- деди.
Путин жарыялагн жарым - жартылай мобилизациянын максатынын Украинанын чыгышындагы Донбасс өнөр жай аймагын "боштондукка чыгаруу" экендигин жана аймактагы көпчүлүк эл "Украинанын моюнтуругу" деп аныктаган абалга кайтып келүүнү каалабагандыгын айткан.