Блинкен Чавушоглу менен жолугушту

АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү жасады.

1882411
Блинкен Чавушоглу менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Нью-Йоркто тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушууда дан коридору келишиминдеги Түркиянын аракеттерин мактады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 77-жыйындары үчүн Нью-Йоркко барган Чавушоглу менен Блинкендин кечээ өткөргөн жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда НАТО өлкөлөрүнүн биргелешип иш-аракет кылышынын маанисине да көңүл бурулуп, "Блинкен Түркиянын Кара деңизде Украина данынын ташылышынын уланышын камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн дипломатиялык аракеттерин мактап, БУУ жетектеген макулдашууларды ишке ашыруунун жана Москваны жасагандары үчүн жоопкерчиликке тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи",-деп айтылды.



Тектеш кабарлар