Сараеводогу жаңы трамвай жолун эки түрк фирмасы курат

Сараево Кантонунун Транспорт министрлигинен жасалган билдирүүдө, трамвай линиясынын курулушу үчүн тендердин аяктаганы, линиянын эки ийгиликтүү түрк фирмасы тарабынан курула турганы белгиленди.

1881932
Сараеводогу жаңы трамвай жолун эки түрк фирмасы курат

Босния- Герцеговинанын борбор шаары Сараеводогу жаңы трамвай линиясынын курулушун эки түрк фирмасы колго алды.

Сараеводо 22,9 километрдик Баскарсия-Илидза трамвай жолуна кошумча түрдө курулуусу пландалган 12,9 километрдик Илидза-Храсница линиясын эки түрк фирмасы курат.

Сараево Кантонунун Транспорт министрлигинен жасалган билдирүүдө, трамвай жолунун курулушу үчүн тендердин аяктаганы, линиянын эки ийгиликтүү түрк фирмасы тарабынан курула турганы белгиленди.

Билдирүүдө Сараево Кантонунун транспорт министри Аднан Сетанын компаниянын жетекчилери менен жолугуп, Сетанын: «Храсницага барчу трамвай линиясы эми легенда эмес, бул Сараево үчүн чоң бир долбоор»,-деген сөздөрү орун алды.

Сараевону башынан аягына чейин туташтыра турган трамвай линиясы Илидзанын учурдагы аялдамасына чейин уланат. Жаңы линиянын узундугу 12,9 километр деп билдирилип, линияда 20 аялдама жана 2 бурулуш пункту курула турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар