Греция да Коммуникация башкармалыгын түзөт

«Түркия байланыш моделинин» ийгилиги Грецияга түрткү болду.

1882135
Греция да Коммуникация башкармалыгын түзөт

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын Түркиянын тезистерин дүйнөгө жарыялоодогу ийгилиги Грецияга үлгү болду.

Грек маалымат каражаттары өлкөдө «Түркияга каршы үгүттөө иштерин жүргүзүү» үчүн «Коммуникация башкармалыгынын» түзүлө турганын билдиришти.

«Real News» гезитинин кабарына караганда, Түркиянын тезистерин дүйнөгө түшүндүрүү максатында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын эл аралык иш-чараларын жүргүзгөн «Түркия байланыш моделинин» ийгилиги Грецияга түрткү болду.

«Анкарага каршы коммуникациялык кызмат тобу» аттуу кабарда, Грециянын Түркияга каршы дубал катары кызмат кыла турган Коммуникация башкармалыгын түзүүгө чечим чыгарганы жана процесстин ылдам жүрүп жатканы белгиленди.

Кабарда: «Бул атайын топтун милдети коммуникация деңгээлинде түрктөрдүн ар кандай иш-аракеттерине тез жана катаал жооп берүү, байланыш координациясын камсыз кылуу, көрсөткүч жана маалыматтарды башкаруу болот»,-деп айтылды.

Грек тараптын акыркы эки жылдагы кризистерди коммуникативдик башкарууда кемчиликтери бар экени жана Түркияга каршы коммуникация мозаикасын түзүү зарылдыгын билгенине басым жасалган кабарда, Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакистин жетекчилигинде өткөн жумада өткөрүлгөн жыйындын негизги билдирүүсүнүн «Түркиянын акыркы мезгилде көптөгөн деңгээлде олуттуу динамизмге ээ болгон коммуникация аракеттерине каршы Грециянын тынымсыз каршы чабуулун багыттоо» экени баса белгиленди.

Кабарда ушул максатта түзүлгөн жаңы «Коммуникациялык кызмат тобунун» Грек бийлигинин көптөн бери мыйзамсыз мигранттарга карата адамкерчиликсиз мамилесин бүткүл дүйнөгө көрсөткөн Түркияга каршы чеп түзө турганы, Грециянын Анкара элчилигинде дипломат болуп иштеген, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы жана Нью-Йоркто башкы консулдук кызматты аркалаган Констандинос Кутрастын Грециянын коммуникация башкармалыгынын башчысы катары алдыңкы планга чыкканы билдирилди.

«Катимерини» гезитинде да «Фахреттин Алтундун грек вариантын ишке киргизишибиз керек» деген макала да жарык көргөн.

Макаланы жазган Фракия Демокрит университетинин окутуучусу Сотирис Сербос, Фахреттин Алтундун 24-июлда гезитке берген маегин окуп жатып, Алтунтун грек кесиптешине болгон муктаждык боюнча ойлонгонун айткан эле.



Тектеш кабарлар