Блинкен Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Энтони Блинкен жолугушуунун алдында журналисттерге кыскача маалымат берди.

1882018
Блинкен Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалуулар ​​акыркы күндөрдө күчөп баратканда, эки өлкөнүн ортосундагы биринчи жолугушуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын жыйындары үчүн Нью-Йоркко барган Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында журналисттерге кыскача маалымат берген Энтони Блинкен, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен өткөргөн акыркы жолугушуусунда эки лидердин тең тынчтыкка даяр экендиктерин айткандарын билдирди.

Блинкен: «Күчтүү, туруктуу дипломатиялык алака - бул бардыгы үчүн эң жакшы жол. Армения менен Азербайжандын ортосундагы пикир келишпестиктерди аскерий жол менен чечүү мүмкүн эмес. Бирок пикир келишпестиктерди дипломатия аркылуу чечкен туруктуу тынчтыкка жол бар деп ойлойм. Америка Кошмо Штаттары бул аракеттерди колдоо үчүн колунан келгендин баарын кылууга даяр»,-деп айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө караганда, эки өлкөнүн ортосундагы акыркы чыңалуудан кийин тараптар менен биринчи жолугушууда Блинкен кагылышууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Мындан ары жаңжалдардын алдын алуунун жана тынчтык жараянына кайтып келүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Блинкен, кесиптештери менен кийинки кадамдын кандай болорун талкуулады жана эки министрди ушул айдын аягына чейин кайрадан жолугушууга үндөдү.



Тектеш кабарлар