Балтика өлкөлөрү чек араларын орустарга жапты

Балтика өлкөлөрү Орусияга каршы чектөө киргизди.

1881808
Балтика өлкөлөрү чек араларын орустарга жапты

Балтика өлкөлөрү Литва, Латвия, Эстония Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы саякатка чектөөлөрдү күчөтүп, бүгүнтөн тарта чек араларын орус жарандарына жапты.

Литванын ички иштер министри Агне Билотайте орус жарандарына багытталган чектөөлөрдүн жүйөсү жөнүндө: «Орусия күтүүсүз жана агрессивдүү мамлекет. Анын жарандарынын 3/4ү (Украинадагы) согушту колдойт. Согуштун жактоочуларынын дүйнөнүн булуң-бурчуна, Литвага жана ЕБге эркин саякаттоосу кабыл алынгыс»,-деди. 

Билотайте "Орусиялык жарандардын согушка мындай колдоосунун өлкөлөрүнүн жана Евробиримдиктин (ЕБ) коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн" экенин баса белгиледи.

Литванын Ички иштер министрлиги да түн жарымында Орусиянын Калининград облусунан жана Белоруссия аркылуу Литвага кирүүнү каалаган 11 орус жаранына бөгөт коюлганын маалымдады. 

Польшанын администрациясы болсо жаңы чектөөлөр боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Балтика өлкөлөрү Литва, Латвия, Эстония жана Польша ушул айдын башында орус жарандарына багытталган саякатка чектөөлөрдүн 19-сентябрдан тарта күчүнө кирерин жарыялашкан.



Тектеш кабарлар