Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Самаркандда башталды

Саммиттин акырында Самарканд декларациясына кол коюлат.

1880810
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Самаркандда башталды

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын 22 -  саммити Өзбекстандын тарахый шаары Самарнадда башталды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин жетекчилигинде башталган саммитке уюмга мүчө Россиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахман, Пакистандын премьер-министри Шахбаз  Шариф, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, байкоочу өлкөлөр Беларустун президенти Александр Лукашенко, Монголиянын президенти Ухнаа Хурелсух, Ирандын президенти Ибрахим Реиси, президент Режеп Таййипп Эрдоган, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышууда.

Мирзиеев конгресс борборунда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Индиянын лидерлерин тосуп алды. Андан соң лидерлер саммиттин алдында чогуу сүрөткө түшүштү. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусунда башталган жыйында Мирзиеев ачылыш сөз сүйлөп, жыйындын күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Самарканд саммитинде уюмдун иш -  чараларынын өнүктүрүлүшү, аймактык соода көлөмүнүн арттырылышы, өнөр жай жана транспорт тармактарында бири бирине карата кызматташуулардын өнүктүрүлүшү жана жашыл экономика, инновация, санариптик технологиялар, логистикалык, айыл  - чарба жана медицина болгон башка тармактардагы биргелешкен проект жана иш -  чараларды камтыган 30га жакын документтин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Саммиттин акырында Самарканд декларациясына кол коюлат.



Тектеш кабарлар