Елизаветанын табыты Лондондо

Ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда борбор калаа Лондондогу Вестминстер Эбби чиркөөсүндө болот.

1879827
Елизаветанын табыты Лондондо

Ханыша Елизавета IIнин сөөгү, 8-сентябрда каза болгон Шотландиядан Королдук аба күчтөрүнүн учагы менен Англиянын борбору Лондонго алынып келинди.

Аэропорттон алынган ханышанын табыты андан кийин кортеждин коштоосунда Букингем сарайына жеткирилди.

Елизаветанын табытын көргүсү келгендер сарайга барчу көчөлөргө агылып чыгышты.

Ханышанын табытын бүгүн Вестминстер Холлго алып барышат.

Англиянын ханышасы Елизавета II бейшемби күнү жайкы эс алуусун өткөргөн Шотландиянын Абердиншир аймагындагы Балморал сепилинде көз жумган.

Ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда борбор калаа Лондондогу Вестминстер Эбби чиркөөсүндө болот.

Бул жердеги аземден кийин ханышанын сөөгү британ королдук үй-бүлөсүнүн туруктуу резиденцияларынын бири болгон Сент-Виндзор сепилиндеги Сент- Жордж капелласында жерге берилет.



Тектеш кабарлар