Украина: «Биздин аскерлер түштүктө да алдыга жылууда»

Украина армиясынын түштүк командирлигинин басма сөз катчысы Наталья Хуменюк жергиликтүү маалымат каражаттарына маалымат берди.

1878335
Украина: «Биздин аскерлер түштүктө да алдыга жылууда»

Украин армиясы өлкөнүн түштүгүндө орус аскерлери басып алган аймактарда алдыга жылып жатканы кабарланууда.

Украина армиясынын түштүк командирлигинин басма сөз катчысы Наталья Хуменюк, украин аскерлеринин түштүк фронтто орус күчтөрүнө каршы баштаган каршы чабуулу тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына баа берди.

Хуменюк Түштүк фронтто украин аскерлери мурда орус аскерлери басып алган аймактарда «ондогон чакырымга» илгерилеп жатканын айтты.

29-августта украин армиясы түштүк фронтто орус аскерлерине каршы контрчабуулга өткөнүн кабарлаган. Мындан тышкары, украин күчтөрү 7-сентябрдан тарта өлкөнүн чыгышындагы Харьков аймагындагы орус күчтөрү басып алган аймактарды кайтарып ала баштаганын жарыялаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ Харьков аймагындагы 30дан ашуун калктуу конуш орус аскерлеринен кайтарылып алынганын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар