Украина Харьковдогу Балаклия районун кайтарып алды

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирүү жасады.

1877780
Украина Харьковдогу Балаклия районун кайтарып алды

 Украин армиясы, Харьков облусунун түштүк-чыгышында жайгашкан Балаклия районун кайрадан көзөмөлгө алды.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Баары өз ордунда. Украинанын желеги, эркин Украина, асман астында эркин Украина шаары. Рахмат. Мен сыймыктанам»,-деди.

Украин армиясынын кечээки билдирүүсүндө Харьков аймагындагы 20дан ашуун отурукташуу жеринин орус күчтөрүнөн кайтарылганы жарыяланган.

Харьков облусунун Аскердик башкаруусунун губернатору Олег Синегубо, украин күчтөрүнүн Харьков облусунда орус күчтөрүнө каршы чабуулга өткөнүн кабарлаган болчу.



Тектеш кабарлар