Шольц-Зеленский сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Шольц өлкөсүнүн Украинаны аскердик жактан болгондой эле саясий, финансылык жана гуманитардык жактан да колдоо көрсөтүүсүн уланта турганын билдирди.

1877426
Шольц-Зеленский сүйлөшүүсү

Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Олаф Шольцтун Владимир Зеленский менен Украинадагы аскердик, гуманитардык, экономикалык абал жана кайрадан курууну да камтыган конкреттүү колдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашканы белгиленди.

Сүйлөшүүдө Шольц өлкөсүнүн Украинага аскердик жактан болгондой эле саясий, финансылык жана гуманитардык жактан да колдоо көрсөтүүсүн уланта турганын билдирди.

Шольц менен Зеленскийдин Запорожье атомдук станциясынын коопсуздугу жана коргоолуусу менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин отчетунун маанилүүлүгү жана сунуш кылынган чаралар боюнча макулдашкандары айтылды.



Тектеш кабарлар