Орусиядан Харьковго чабуул: 2 адам каза болду

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов социалдык тармактагы билдирүүсүндө, орус күчтөрүнүн Харьковдун эки борбордук районуна бир нече ракета аткыч системасы менен кол салганын айтты.

1877587
Орусиядан Харьковго чабуул: 2 адам каза болду

Орус күчтөрүнүн Украинанын экинчи чоң шаары Харьковго ракеталык кол салуусунда 2 киши каза болуп, 5 киши жараланды.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов социалдык тармактагы билдирүүсүндө, орус күчтөрүнүн Харьковдун эки борбордук районуна бир нече ракета аткыч системасы менен кол салганын айтты.

Атылган ракеталардын Санай жана Немишлиянски райондоруна түшкөнүн билдирген Терехов, кол салууда 2 кишинин каза тапканын, 5 кишинин жараланганын кабарлады. 

Бир тараптан орус күчтөрүнүн өткөн түнү Харьковго 5 башка ракеталык кол салуу жасаганы, каза болгондордун жана жаралангандардын катталгандыгы маалымдалды. 

Орусия чек арасынан болжол менен 45 километр алыстыкта ​​жайгашкан жана Украинанын борбор калаа Киевден кийинки экинчи чоң шаары болгон Харьков, орус күчтөрүнүн ракеталык чабуулдарына дуушар болууда.

Кол салуулардан улам Харьков калкынын жарымынын шаардан чыгып кеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар