Путин: «Түркия болбогондо эгин муктаж болгон өлкөлөргө жетмек эмес»

Владимир Путин Владивосток шаарында өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда сөз сүйлөдү.

1876889
Путин: «Түркия болбогондо эгин муктаж болгон өлкөлөргө жетмек эмес»

Орусиянын президенти Владимир Путин дан коридоруна байланыштуу: «Эгерде Түркия ортомчу болбогондо, бул эгиндер муктаж болгон өлкөлөргө эмес, Европа өлкөлөрүнө бармак»,-деди.

Владимир Путин Владивосток шаарында өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда сөз сүйлөдү.

22-июлда Түркия ортомчу катары жетектеген Бириккен Улуттар Уюму, Орусия жана Украинанын ортосунда Стамбулда кол коюлган дан келишимине токтолду.

Путин бул келишимдин негизинде эгиндин муктаж болгондорго жеткирилгенин белгилеп: «Эгерде Түркия ортомчу статусуна ээ болбогондо, Украинадан экспорттолгон эгиндин дээрлик бардыгы өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөргө эмес, Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жөнөтүлмөк»,-деп айтты.

Путин Европанын өз баалуулуктарын Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) диктатурасын коргоо үчүн тобокелчиликке салганын билдирди.

«Жазында көптөгөн чет элдик компаниялар бул биздин өлкөгө көбүрөөк зыян келтирет деген ой менен Орусиядан чыгуу үчүн жарышышты»,-деп айткан орус лидери: «Бирок азыр Европада өндүрүш менен жумуштуулуктун кантип төмөндөп жатканын көрүп жатабыз. Эң негизги себептердин бири албетте Орусия менен коммерциялык байланыштын үзүлүшү. Бул процесстерди тездеткен нерсе АКШнын дүйнөлүк экономикадагы жана саясаттагы бүдөмүк үстөмдүгү, ошондой эле батыш элитасынын объективдүү фактыларды көрүү жана таануу темасындагы өжөрлүгү, жада калса жөндөмсүздүгү болду»,-деди.

 



Тектеш кабарлар