Үч өлкөнүн Түндүк Кореяга каршы кызматташуусу

Бул өлкөлөрдүн башкы коопсуздук кеңешчилери АКШнын Гавайи штатындагы Гонолулу шаарында жолугушту.

1875076
Үч өлкөнүн Түндүк Кореяга каршы кызматташуусу

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Түштүк Корея жана Жапония Түндүк Кореянын жаңы ядролук сыноосуна биргелешип жооп кайтарарын жарыялашты.

Бул өлкөлөрдүн башкы коопсуздук кеңешчилери Түндүк Кореянын ракета сыноолорунан кийин аймакта күчөгөн чыңалууну талкуулоо үчүн АКШнын Гавайи штатындагы Гонолулу шаарында жолугушту.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, жолугушууга катышкан Түштүк Кореянын коопсуздук кеңешчиси Ким Сун Хан, Түндүк Кореянын быйыл 6 ядролук сыноо өткөргөнүн жана бул сыноолордун жетинчисин ишке ашыра турган болсо реакцияларынын башкача болорун айтты.

Түндүк Корея августтун башынан бери 18 ракета сыноосун өткөрдү, анын 2си канаттуу ракеталар.

Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча диалог 2019-жылы Ханойдо өткөн акыркы жолугушуудан кийин токтоп калган.

Түндүк Корея быйыл жаңы ракеталарын сынай баштаган.

Пхеньяндын 7-ядролук сыноосуна даярдыктарын аяктагандыгы тууралуу да маалыматтар бар.



Тектеш кабарлар