Аргентинанын вице-президенти Киршнерге куралдуу кол салуу аракети...

Улуттук басма сөздө чагылдырылган кабарда 35 жаштагы кол салуучунун мурда мылтык алып жүргөнү үчүн соттуулугу бар экени айтылды.

1875195
Аргентинанын вице-президенти Киршнерге куралдуу кол салуу аракети...

Аргентинанын вице-президенти Кристина Фернандес де Киршнерге куралдуу кол салуу аракети болду.

Окуяга байланыштуу жергиликтүү маалымат каражаттарында чагылдырылган сүрөттөрдө бир адамдын Киршнердин үйүнө кирээр алдында жактоочулары менен учурашып жатканда курал кезегени жана күзөтчүлөрдүн кийлигишкени көрүндү.

Аргентинанын коопсуздук министри Анибал Фернандес C5N каналына жасаган билдирүүсүндө кол салган адамдын кармалып, курал анализге жөнөтүлгөнүн айтты.

Улуттук басма сөздө чагылдырылган кабарда 35 жаштагы кол салуучунун мурда мылтык алып жүргөнү үчүн соттуулугу бар экени айтылды.

Кол салуучунун Киршнердин бетине жакын алып келген мылтыгынын тээгин басып жиберген, бирок мылтык атылган эмес.

Киршнер өткөн аптада соттолгон коррупциялык иш боюнча 12 жылга эркинен ажыратылгандан бери анын тарапкерлери күн сайын анын үйүнүн алдында колдоо көрсөтүү акцияларын өткөрүп келишет.



Тектеш кабарлар