Суу отчету

"Aquanomics" аттуу отчет жарыяланды.

1873635
Суу отчету

2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 100 миллион адам суу ташкындарынан, бороондордон жана кургакчылыктан жапа чекти.

Бул кырсыктардын суу коркунучу 2050-жылга чейин дүйнөлүк экономикага 5,6 триллион доллар зыян келтириши мүмкүн экени кабарланды.

Австралиядаus инженердик жана экологиялык кеңешчилик фирмасы GHD суу коркунучунун экономикасы боюнча "Aquanomics" аттуу отчетун жарыялады.

Отчетто 2022-2050-жылдар аралыгында суу ташкындары, кургакчылык жана бороон-чапкындардан улам пайда болгон суу коркунучунун айынан глобалдык экономикада 5,6 триллион доллар жоготууга мүмкүн экени белгиленди.

Дүйнө жүзүндөгү коомчулуктардын өсүп жаткан климаттык окуялардын таасирин азыртадан эле сезип жатканына көңүл бурулган отчетто бул коомчулуктарды коргоо үчүн чара көрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Суунун климаттын, экосистемалардын, маданияттардын, коомчулуктардын жана жашоо-тиричиликтин саламаттыгы үчүн өтө маанилүү экендиги белгиленген отчетто, 2021-жылы гана дүйнөдө 100 миллион адамдын суу ташкын, бороон жана кургакчылыктан жабыр тартканы билдирилди.



Тектеш кабарлар