АКШ Ирактагы окуяларга тынчсызданууда

Жон Кирби брифинг берди.

1873661
АКШ Ирактагы окуяларга тынчсызданууда

АКШда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш боюнча координатору Жон Кирби Ирактагы окуяларды мүмкүн болушунча тезирээк тынчтандырууга жана тараптарды диалог түзүүгө чакырды.

Кирби видеоконференция платформасы Zoom аркылуу берген брифингинде, Ирактын борбору Багдаддагы кагылышууларды "тынчсыздандыруучу" деп мүнөздөп: «Азыр чыңалуунун эмес, диалогдун учуру. Биз бул чыңалууну басаңдатууга жана тынчтыкчыл демонстранттарды урматтоого чакырабыз»,-деди.

Кирби АКШнын Багдаддагы элчилигинин эвакуациялангандыгы жөнүндөгү билдирүүлөрдү да четке кагып, азыркы учурда мындай нерсеге муктаждык жок экенин айтты.


Этикеткалар: #Ирактагы окуяларды

Тектеш кабарлар