Европа Биримдиги Запорожье АЭСтеги абал «өтө тынчсыздандырарлык» экенин билдирди

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Орусиянын көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук станциясы тууралуу социалдык медиадан билдирүү жасады.

1872917
Европа Биримдиги Запорожье АЭСтеги абал «өтө тынчсыздандырарлык» экенин билдирди

Евробиримдик Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясындагы абал «өтө тынчсыздандырарлык» экенин билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Орусиянын көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук станциясы тууралуу социалдык медиадан билдирүү жасады.

Кырдаалды «өтө тынчсыздандырарлык» деп сыпаттаган Боррелл Орусиянын бузулган электр зымдарынын оңдолушун жана станциянын Украинанын электр системасына толук кошулушун камсыздоосу керектигин баса белгиледи.

Боррелл ошондой эле Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин адистерине объектке барууга уруксат берүү керектигин белгиледи.

Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп саналат.

Алты атомдук реактору бар жана 5 миң 700 мегаватт-саат электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугуна ээ болгон электр станциясы Украинадагы жалпы электр энергиясынын 20 пайызын камсыздайт.

АЭСти орустар 4-мартта басып алышкан. Учурда орус армиясынын көзөмөлүндө турган АЭСтин айланасында артиллериялык чабуулдар болуп жатат. Украина менен Орусия бул чабуулдар үчүн бири-бирин айыптоодо.



Тектеш кабарлар