Түркия, Финляндия жана Швециянын ортосунда жыйын өткөрүлдү

Сүйлөшүүлөрдө; Туруктуу биргелешкен механизмдин иштөө принциптери аныкталды жана үч тараптуу меморандумда жазылган милдеттенмелердин аткарылышынын жүрүшү каралып, келечекте жасала турган конкреттүү кадамдар баса белгиленди.

1872868
Түркия, Финляндия жана Швециянын ортосунда жыйын өткөрүлдү

Түркия, Финляндия жана Швеция тарабынан түзүлгөн Туруктуу биргелешкен механизмдин биринчи жыйыны өткөрүлдү.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, 28-июндагы НАТОнун Мадрид саммитинде Түркия, Финляндия жана Швеция кол койгон үч тараптуу меморандумдун алкагында түзүлгөн Туруктуу биргелешкен механизмдин биринчи жыйыны Финляндиянын борбору Хельсинкиде өткөрүлдү.

Туруктуу биргелешкен механизмдин түрк делегациясын Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары элчи Седат Өнал жетектеди. Делегациянын курамына юстиция, тышкы иштер, ички иштер, улуттук коргоо министрликтеринин жана Улуттук чалгындоо уюмунун өкүлдөрү кирди.

Швециянын делегациясын премьер-министрдин статс-секретары Оскар Стенстрем, Финляндиянын делегациясын Тышкы иштер министрлигинин туруктуу статс-секретары Юкка Саловаара жетектеди; ага юстиция, коопсуздук жана чалгындоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдө; Туруктуу биргелешкен механизмдин иштөө принциптери аныкталды жана үч тараптуу меморандумда жазылган милдеттенмелердин аткарылышынын жүрүшү каралып, келечекте жасала турган конкреттүү кадамдар баса белгиленди.

Финляндия менен Швеция, үч тараптуу меморандумда катталган; Террордун ар кандай түрүнө каршы күрөштө Түркия менен толук тилектештик жана кызматташтыкты көрсөтүү, улуттук коопсуздугуна багытталган бардык коркунучтарга, өзгөчө жикчил террордук уюм ПККга каршы Түркияга толук колдоо көрсөтүү жана ПЙД/ЙПГ менен ФЕТӨгө колдоо көрсөтпөө убадаларын дагы бир жолу кайталашты. 

Механизмдин алкагында каралган маселелер боюнча конкреттүү жылыштарга жетишүү үчүн тиешелүү мекемелердин ортосунда техникалык деңгээлде кызматташууну активдештирүү макулдашылды.



Тектеш кабарлар