Орусиянын коопсуздук кызматы: «Дугинанын өлүмүнүн артында Украина турат»

Ишемби күнү кечинде Дугиндин орус президенти Владимир Путинге жакындыгы менен таанылган 30 жаштагы кызы Дарья Дугина унаасына коюлган бомба жарылып каза болгон.

1870987
Орусиянын коопсуздук кызматы: «Дугинанын өлүмүнүн артында Украина турат»

Орусия борбор калаа Москвадагы жардыруудан саясий эксперт, социолог жана философ Александр Дугиндин кызы Дарья Дугинанын өлүмүнүн артында Украинанын атайын кызматтары турганы аныкталганын жарыялады.

Ишемби күнү кечинде Дугиндин орус президенти Владимир Путинге жакындыгы менен таанылган 30 жаштагы кызы Дарья Дугина унаасына коюлган бомба жарылып каза болгон.

Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, негизги бутага Александр Дугин болгон.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш алдын ала пландалганын жана буйруктун негизинде жасалганын жарыялаган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жардыруунун артында Украинанын атайын кызматтары турганын жарыялады.

Дарья Дугинаны өлтүрүү планын өткөн айда Москвага барып, кол салуудан кийин Эстонияга качып кеткен украин жараны аял уюштурганын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы да бөлүштү.



Тектеш кабарлар