Боррел : «Түркиянын аркасында эгин коридору ачылды»

Боррелл Испаниянын Сантандер шаарындагы «Менендес Пелайо» эл аралык университети тарабынан уюштурулган жайкы курс учурунда Европанын келечеги боюнча семинарга катышты.

1870973
Боррел : «Түркиянын аркасында эгин коридору ачылды»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл, Украинадагы дан тосмосунун Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Түркиянын аркасында жоюлганын айтты.

Боррелл Испаниянын Сантандер шаарындагы «Менендес Пелайо» эл аралык университети тарабынан уюштурулган жайкы курс учурунда Европанын келечеги боюнча семинарга катышты.

Европа Биримдигинин Жогорку Өкүлү бул жерде сүйлөгөн сөзүндө жана өткөргөн маалымат жыйынында БУУнун жана Түркиянын демилгелери менен Украинадан эгин экспортунун башталышынын маанисине басым жасады.

Боррел: «Украинадагы дан тосмосу БУУ жана Түркиянын аркасы менен жоюлууда. Бул нормалдашат деп үмүттөнөбүз. Анткени биз айтып жаткан дан 20 миллион тонна. Эгерде дүйнөдө 20 миллион тонна дан, күн карама бөгөлсө, кээ бир адамдар тамак иче албай калат дегенди билдирет»,-деп айтты.

Боррелл Украина менен Орусиянын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушта 10 миллион украиналыктын өлкөсүн таштап кеткенин жана чоң кесепеттерге алып келе турган согуш болгонун белгиледи.

Орусиянын мүмкүн болгон жаратылыш газын кыскартуусуна токтолгон Боррелл: «Биз кышка жакшы газ запасы менен кирип жатабыз, бирок бул биз керектөө деңгээлин сактайбыз дегенди билдирбейт. Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү газ керектөө убадасын аткарышы керек»,-деп чакырык таштады.



Тектеш кабарлар