Тайвань Кытайга таандык согуштук учак жана согуштук кемелердин күндүз көрүнгөнүн билдирди

Бул тууралуу Тайвандын Коргоо министрлиги кечээки маалыматында жарыялады.

1870437
Тайвань Кытайга таандык согуштук учак жана  согуштук кемелердин күндүз көрүнгөнүн билдирди

Тайвандын Коргоо министрлиги кечээки маалыматында Кытайга таандык 17 согуштук учак жана 6 согуштук кеменин аралдын айланасында күндүзү көрүнгөнүн билдирген.

Министрликтин билдирүүсүндө, учактардын 7синин Тайвань кысыгындагы тараптардын таасирдүү аймактарын чектегени эсептелген аба жана деңиз линиясынын чыгышына жана Тайвандын «Абадан коргонуунун идентификациялык аймагы» деп жарыялаган аймактын түштүк-батыш тарабына учкандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Кытайдын аба жана деңиз унааларынын электрондук байкоочу куралдар, кайгуул учактары, кемелер жана жердеги ракета системалары менен байкалганы белгиленди.

Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин айдын башындагы сапарынан кийин Кытайдын Тайвань кысыгындагы номиналдык орто сызыктан өткөн аба каттамдарын жана кеме кайгуулдарын туруктуу кылганы байкалууда.

Кытай армиясы Пелосинин сапарынан кийин аралдын айланасында аскердик машыгууларды баштаган.



Тектеш кабарлар