Лондондо метро кызматкрелери менен автобус айдоочулары иш таштоо чечимин чыгарышты

Өлкөдө бейшемби күнү бир күндүк иш таштаган темир жол кызматкерлери  дагы бир күн иш таштоо үчүн даярданып жатышат.

1870302
Лондондо  метро кызматкрелери менен автобус айдоочулары иш таштоо чечимин чыгарышты

Британиянын борбор шаары Лондондо метро кызматкерлери бир күндүк, автобус айдоочулары эки күндүк иш таштоо чечимин чыгарышы менен коомдук транспортту токтоп калууга чейин алып келди. 

Лондон метросунун кызматкерлери караштуу болгон Поезд, деңиз жана транспорт профсоюзунан берилген маалыматта метро кызматкерлеринин жана автобус айдоочуларынын пенсиялык укуктарынын жакшыртылышы талабы менен бир күн метро кызматтарынын токтотулгандыгы белгиленди. 

Өлкөдө бейшемби күнү бир күндүк иш таштаган темир жол кызматкерлери  дагы бир күн иш таштоо үчүн даярданып жатышат. 

Транспорт министри Грант Шаппс Sky Newsке берген маалыматында жумушчу профсоюздарынын лидерлеринин жолдон чыгып  жумушчуларга эмгек акынын жаңы сунушуна добуш берүүгө уруксат бериши керектигин айтты.

Лондон мэри Садык Хан : "Өкмөттүн мамилеси  бир гана транспорт секторунда эмес, башка тармактарда да профсоюздардын иш таштоо укугун чектөөгө карата мыйзамдын алдыңкы кадамы катары жалпы өлкөдө атайылап иш таштоолорду көкүтүп жаткандай",- деди. 

 



Тектеш кабарлар