Газпром жаратылыш газ агымын 3 күнгө токтотот

Оңдоо иштеринин бүткөрүлүшү жана агрегатта техникалык мүчүлүштүктөр болбосо газ өткөрүүнүн күнүмдүк 33 миллион метр кубга жеткирилери белгиленди.

1870269
Газпром жаратылыш газ агымын 3 күнгө токтотот

Россиянын энергетика компаниясы Газпром, бирдиктүү компрессордук блокту оңдоо иштеринен улам 31 - августтан тарта Түндүк Агым кууру аркылуу жаратылыш газ агымы 3 күнгө токтотуларын жарыялады.

Газпромдун билдирүүсүндө Портовая компрессордук станциясындагы жалгыз газ компрессордук агрегатында пландуу техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүрүп жаткандыгы билдирилген.

Учурдагы тейлөө келишиминин алкагында оңдоо иштеринин Siemens компаниясынын адистери менен биргеликте жүргүзүлө тургандыгы билдириген маалыматта : "31 -  август жана  2 -  сентябрдагы техникалык оңдоо иштери үчүн Түндүк Агым  кууру аркылуу жаратылыш газ өткөрүү 3 күндүк мөөнөт менен токтотулат",- деп билдирилди. 

Оңдоо иштеринин бүткөрүлүшү жана агрегатта техникалык мүчүлүштүктөр болбосо газ өткөрүүнүн күнүмдүк 33 миллион метр кубга жеткирилери белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар