Израиль суусу тартылып бара жаткан көлдөргө деңиз суусун алып келет

Таберия (Галиле) көлүнө Жер Ортолук деңизинен суу  сордуруу пландалууда.

1870193
Израиль суусу тартылып бара жаткан көлдөргө  деңиз суусун алып келет

Израиль климаттык алмашуудан улам суусу тартылып бара жаткан көлдөр үчүн Жер Ортолук деңизден суу алып келүүнү пландап жатат. 

Израиль башкаруусу климаттык кризистен улам көлдөрдүн суусунун тартылышына байланыштуу чечүүчү жол  методун билдирди. Ушуга байланыштуу мурун суусу көп болгон бирок 5 жыл мурда тарыхынын төмөнкү суу деңгээлине жеткен Таберия (Галиле) көлүнө Жер Ортолук деңизинен суу  сордуруу пландалууда.

Жер Ортолук деңизинен алып келине турган суу туздан тазаланып тузсуз сууга айландырылат жана өлкөдө суусу тартылып бара жаткан көлдүн толтурулушу үчүн колдонула алат. Көлдөр азыркы учурда бак  - дарактарды жана жергиликтүү чарбаларды суу менен камсыз кылуу жана туризм үчүн киреше булагы болууда. 

Таберия көлү Инжилде Азырети Иса үстүнөн өткөн көл катары айтылууда. 

 



Тектеш кабарлар