Зимбабведе кызамыктан 157 бала каза болду

Зимбабвенин Маникаленд провинциясында апрель айында кызамык эпидемиясы жарыяланып, өлкөнүн бардык жерине жайылган.

1869175
Зимбабведе кызамыктан 157 бала каза болду

Зимбабведе кызамык эпидемиясынан эмделбеген 157 бала каза болду.

Зимбабвенин Маникаленд провинциясында апрель айында кызамык эпидемиясы жарыяланып, өлкөнүн бардык жерине жайылган.

Зимбабве Ковид-19  учурлары күчөп турганда дагы балдарды кызамыкка каршы эмдөөнү улантты, бирок вакциналарга каршы үгүттөгөн диний топтор эмдөөгө тоскоол болушкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Ковид-19 чектөөлөрүнүн жеңилдетилишинен кийин чиркөө жыйындарынын кайра башталышы менен кызамыктын мурда жабыркаган аймактарга жайылышына  жол ачкандыгы билдирилди. 

Өкөмт 6 ай менен 15 жаш арасындагы балдарды камтыган вакцина кампаниясын башташкандарын жана бул кампанияны колдоо үчүн диний кызматкерлердин милдеттендирилгендигин жарыялады. 

 

 


 



Тектеш кабарлар