Судандагы сел: 75 киши каза болду

Июнь айынан бери өлкө аймагында тынбай жааган нөшөрлөгөн жамгырдын селдерге себеп болгону белгиленди.

1868741
Судандагы сел: 75 киши каза болду

Суданда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден каза тапкандардын саны 75ке жетти.

Жарандык коргонуу кеңешинин билдирүүсүндө, июнь айынан бери өлкө аймагында тынбай жааган нөшөрлөгөн жамгырдын селдерге себеп болгону белгиленди.

Билдирүүдө селден каза болгондордун саны 75ке жеткени, 30 кишинин да жаракат алганы кабарланды.

Селдерде 21 миң 500дөн ашуун үй зыян тартып, 6 миң гектардык айыл чарба жерин суу каптаганы жана 117 малдын да кырылып калганы айтылды.

Суданда июль-октябрь айларындагы жаан-чачындуу мезгилде сел жана суу ташкындарынын натыйжасында жыл сайын 100дөн ашуун киши каза болуп, он миңдеген үй, ишканалар жана айыл чарба жерлери зыянга учурайт.



Тектеш кабарлар