Синжарда массалык көрүстөн табылды

Аймакта ушул учурга чейин 100дөн ашуун массалык көрүстөндөрдүн 30унун гана табылганы маалым болду.

1868834
Синжарда массалык көрүстөн табылды

Ирактын Синжар шаарында террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрү тарабынан өлтүрүлгөн 47 кишинин сөөгү орун алган жаңы массалык көрүстөндөр табылды.

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун Геноцид кылмыштарын иликтөө комитетинин мүчөсү Нечирван Сүлейман, Синжардын жанындагы Кани айылына жакын жерде 6 массалык көрүстөн табылганын билдирди.

Ачылган массалык көрүстөндөрдө ДЕАШ тарабынан өлтүрүлгөн жалпы 47 сөөктүн бар экени айтылды.

2015-жылы 3-августта Мосулдун Синжар районуна кол салган ДЕАШ мүчөсү террористтер көп сандаган карапайым калкты кырып салган болчу.

Аймакта ушул учурга чейин 100дөн ашуун массалык көрүстөндөрдүн 30унун гана табылганы маалым болду.



Тектеш кабарлар