Латвиялык министр: "Түркиянын коргоо өнөр жайына кызыкдарбыз"

Эдгарс Ринкевич түрк басма сөзүнө маалымат берди.

1869061
Латвиялык министр: "Түркиянын коргоо өнөр жайына кызыкдарбыз"

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич, өлкөсүнүн Түркиянын «дрон» секторуна чоң кызыгуу көрсөткөнүн билдирди.

Эдгарс Ринкевич түрк басма сөзүнө маалымат берди.

Өлкөсүнүн түрк коргоо өнөр жайы менен кызматташууга абдан кызыкдар экенин баса белгилеген Ринкевич: «Биздин Коргоо министрлиги да сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатат»,-деди.

Ринкевич Латвиянын коргоо министри Артис Пабрикстин Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын сынап көрүү үчүн иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын маалымдады.

Түркиянын кайсы коргоо өнөр жай продукциясына кызыгасыңар деген суроосуна Ринкевич: «Сиздердин учкучсуз учактар ​​тармагына көп кызыгуу бар»,-деди.

Ринкевич Латвиянын коргоо өнөр жайы менен түрк коргоо өнөр жайынын ортосунда байланыш түзүүгө аракет кылынганын белгилеп: «Биздин кесиптештер Түркияда өндүрүлгөн ок-дарылардын ар кандай түрлөрүн карап жатканын да билем», - деди.

Түркия менен коргоо өнөр жайы тармагындагы берки кызматташтыктарга да токтолгон латвиялык министр, булардын «кибердик коргонуу» жана «кибердик коопсуздук» тармактары экенин айтты.



Тектеш кабарлар