Иранда болгон сел апаатында 96 адам каза болду

Аббас Масжид Арани гуманитардык кризиске айланган аппаатта эң чоң жоготуунун Тегеран провинциясында болгондугун, 42 адамдын каза болгондугун маалымдады.

1869148
Иранда болгон сел апаатында 96 адам каза болду

Иранда июль айынын акырында башталып, август айына чейин Тегеран  провинциясы башта болгон өлкөнүн чоң бөлүгүн таасири астына алган катуу жамгыр жаашы жол ачкан селдерден 96 адам каза болду. 

Ирандын Студенттик кабар агенттигинин  маалыматына ылайык, Ирандын Соттук медицина мекемесинин башчысы Аббас Масжид Арани өлкө боюнча болгон сел апаатында 96 кишинин каза болгонун билдирди. Арани гуманитардык кризиске айланган аппаатта эң чоң жоготуунун Тегеран провинциясында болгондугун, 42 адамдын каза болгондугун маалымдады. 

Иранда 22 -  июлда Фарс аймагында башталган катуу жамгыр жаашы андан кийин өлкөнүн чоң бир бөлүгүн таасири астына алган. Катуу жамгыр жаашы август айынын  алгачкы күндөрүнө чейин уланган. 

 

 



Тектеш кабарлар