Венгриялык министр: "Армия түрк коргоо өнөр жайынын продукцияларын сатып алат"

Ласло Палкович расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн келген борбор шаар Анкарада Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

1868470
Венгриялык министр: "Армия түрк коргоо өнөр жайынын продукцияларын сатып алат"

Венгриянын технология жана өнөр жай министри Ласло Палкович венгер армиясынын түрк коргоо өнөр жайынын продукцияларын сатып алуу чечимин чыгарганын айтты.

Ласло Палкович расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн келген борбор шаар Анкарада Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Түркияга болгон иш сапарынын алкагында учкучсуз учуучу аппараттар тармагында кызматташууну сүйлөшкөндөрүн белгилеген Палкович, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен эки тараптуу өнөр жай жана технология кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулагандарын маалымдады.

Палкович Венгрия менен Түркиянын коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташтыгына токтолуп: «Венгер армиясы түрк коргоо өнөр жайынын продукцияларын сатып алууну чечти. Бронетранспортер тармагындагы алдыңкы компаниядан техникаларды сатып алуу чечимин чыгардык. Ошондой эле Венгрияда да өндүрүү боюнча келишим түздүк»,-деди.

Биргелешкен өндүрүштүн биринчи этабында монтаж, экинчи этапта өндүрүш жасала турганын белгилеген венгриялык министр: «Биз коргоо өнөр жайындагы берки кызматташтыктар тууралуу сүйлөшүү өткөрдүк. Албетте, алардын бири түрк учкучсуз аппараттары. Түркия чыгарган бул аппараттар согуш аянтында жаңы жол бар экенин көрсөттү. Ушул себептен улам учкучсуз учактар ​​тармагындагы кызматташууга да баа бердик»,-деп айтты.

Венгриянын Коргоо министрлигинин Байкар чыгарган «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарга байланыштуу керектүү талкуулоолорду жүргүзгөнүн баса белгилеген Палкович: «Бул беркилерге караганда арзан, бирок эффективдүү технология», - деди.



Тектеш кабарлар