Түштүк Корея менен АКШ эң ири машыгуу өткөрөт
Машыгууга согуштук учактар, зооттолгон кемелер, танктардан тышкары миңдеген жоокерлер катышат.
Түштүк Корея менен АКШнын акыркы жылдардагы эң ири аскердик машыгуусу келерки аптада башталат.
Түштүк Корея "өзөктүк коркунучтарын арттырган жана агрессивдүү позициясын көрсөткөн" Түндүк Кореяга каршы келерки аптада АКШ менен биргелешкен аскердик машыгуунун баштала турганын жарыялады.
Түштүк Корея армиясынын билдирүүсүнө караганда, «Ульчи эркиндик калканы» деп аталган жайкы машыгуу 22-августтан 1-сентябрга чейин өткөрүлөт.
Машыгууга согуштук учактар, зооттолгон кемелер, танктардан тышкары миңдеген жоокерлер катышат.
Биринчи 4 күндө жарандык коргонуу билими бериле турган машыгууда, биргелешип чабуул коюу жана фронттук камсыздоо боюнча үйрөтүлөт.
Ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды жана жаңы муундагы согуштук технологияларды колдонуудан тышкары портторго, аэропортторго жана өнөр жай аймактарына кол салууларда аскердик-жарандык колдоо көрсөтүлгөн коргонуу машыгуулары да өткөрүлөт.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана түштүк кореялык кесиптеши Ли Жонг Суп июлда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын коркутууларынан кийин союздаштардын бөгөт коюу позициясын бекемдөөгө жана 2022-жылдын экинчи жарымында биргелешкен аскердик машыгууну кеңейтүүгө макулдашканын жарыялашкан эле.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 454кө жетти
Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.