Крымда ок-дары сакталган кампада жарылуу болду
Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.
1868374
Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крымда убактылуу сакталган ок-дарылар жарылды.
Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Крымдын Жанкөй аймагындагы Майское айылына жакын жерде аскердик бөлүккө таандык ок-дарылар убактылуу сакталган аянтта өрт чыкканы белгиленди.
Өрттүн кесепетинен ок-дарылардын жарылып кеткени айтылды.
Окуяда жабыркагандар болбогону, аймакка өрт өчүрүүчүлөрдүн жөнөтүлгөндүгү маалымдалды.
Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.
Майское айылына жакын жайгашкан Жанкөй шаарындагы электр көмөкчордонунан да өрт чыкканы билдирилди.