Британия Modernaнын кошумча дозасына уруксат берди
Ушундайча Британия Omicron вариантына каршы иштелип чыккан вакцинаны жактырган биринчи өлкө болду.
1868328
Британия Moderna фармацевтикалык компаниясы тарабынан коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) жана вирустун Omicron вариантына каршы чыгарылган кошумча дозасын бекитти.
Улуу Британиянын Дары-дармектерди жана саламаттыкты сактоо өнүмдөрүн жөнгө салуу агенттиги (MHRA) чоңдорго кошумча дозасын колдонууга жашыл жарык берди.
MHRA белгилегендей, эки вируска тең эффективдүү болгон кошумча дозасынын терс таасирлери Модерна чыгарган биринчи Ковид-19 вакцинасына окшош.
Ушундайча Британия Omicron вариантына каршы иштелип чыккан вакцинаны жактырган биринчи өлкө болду.
Вакцинанын оригиналдуу Covid-19 вирусуна да, Omicron вариантына да таасир этиши күтүлүүдө.