Судандагы селден 51 киши каза болду

Судан бийликтери түндүктө Нил дарыясы, түштүктө Ак Нил жана борбордук бөлүгүндө Аль-Жазира провинцияларында миңдеген үйдүн жараксыз абалга келгенин, жолдордун урап түшкөнүн билдирди.

1867613
Судандагы селден 51 киши каза болду

Судандын бүтүндөй жеринде таасирдүү болгон катуу жамгырдан улам пайда болгон селде 51 киши каза болуп, миңдеген үй кыйрап калды.

Судан бийликтери түндүктө Нил дарыясы, түштүктө Ак Нил жана борбордук бөлүгүндө Аль-Жазира провинцияларында миңдеген үйдүн жараксыз абалга келгенин, жолдордун урап түшкөнүн билдирди.

Нил дарыясы жана Ак Нил провинциясынын жетекчилеринин билдирүүлөрүнө караганда эки штатта 51 киши сууга чөгүп, ондогон киши жараланды.

Ал-Жазира провинциясынын Менагил шаарында түнү башталып таңкы сааттарга чейин созулган катуу жамгырдын натыйжасында жүздөгөн үй суу астында калды.

Мектеп имараттарында баш калкалаган жүздөгөн үй-бүлөлөргө жооптуу кызматкерлер азык-түлүк жана ден-соолук каражаттары менен камсыздады.

Жооптуу кызматкерлер өлкө боюнча 5 миңден ашуун үй талкаланганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Судан өкмөтү гуманитардык уюмдарды селден жапа чеккендерге шашылыш түрдө азык-түлүк, медициналык буюмдар жана ичүүчү суу жеткирүүгө чакырды.

Суданда июль-октябрь айларынын аралыгында күчүнө кирген жаан-чачындар мезгилиндеги сел жана ташкындардын натыйжасында жыл сайын 100дөн ашуун киши каза болуп, он миңдеген үй, жумуш орду жана айыл чарба жерлери зыянга учурайт.



Тектеш кабарлар