Пакистандагы катаал аба-ырайы жана кырсыктар...

Пенджаб провинциясындагы Рахим Яр Хан шаарындагы Фероза борбордук жолунда жүк ташуучу унаа бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун үстүнө оодарып кеткен.

1867545
Пакистандагы катаал аба-ырайы жана кырсыктар...

Пакистандын Пенжаб провинциясында жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташыган автобустун үстүнө кулап түшкөн кырсыктан 13 адам каза болуп, 5 киши жаракат алды.

Пенжаб провинциясындагы Рахим Яр Хан шаарындагы Фероза борбордук жолунда жүк ташуучу унаа бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун үстүнө оодарып кеткен.

Окуя болгон жерге көп сандаган тез жардам жана полиция топтору жөнөтүлгөндөн кийин бийлик кырсыктан 13 адам каза болуп, 5 адам жаракат алганын билдирди.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилип дарыланып жатканда, жооптуу кызматкерлер аймактагы аба-ырайынын катаалдыгынан улам иш үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Бир тараптан Пакистандын Белужистан жана Синд провинцияларында жааган жамгырдан улам 10 киши каза болду.

Жаандан улам көптөгөн айыл чарба жерлерин суу каптап, 40 миңден ашуун үй зыян тарткан.

Жооптуу кызматкерлер Белужистан провинциясынын Кетта (Кветта) шаарында катуу жааган жамгырдын улана турганын кабарлашты.



Тектеш кабарлар