Кытайдан литвалык министрдин орун басарына санкция киргизет

Литва министринин орун басары жана анын 11 адамдан турган делегациясы ушул аптада аралга барып, өкмөт өкүлдөрү менен жолугушкан.

1867453
Кытайдан  литвалык министрдин орун басарына  санкция  киргизет

Кытай эгемендүүлүк келишпестиги ичинде болгон Тайванга сапар менен барган Литванын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Агне Вайчюкевичутеге санкция киргизе турганын жарыялады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта министрдин орун басары Вайчюкевичуте жана делегациясынын сапарынын "бир гана Кытай принцибин тебелегендага, Кытайдын ички иштерине кийлигишкендиги жана эгемендиги менен жеринин бүтүндүгүнө зыянын тийгизгендиги" белгиленип : "Бул кара ниеттүү жана провокациячыл кыймылга жооп катары Кытай Вайчукевичитеге каршы санкцияларды киргизүүнү, Литванын Транспорт жана коммуникация министрлиги менен бардык байланыштарды, жол транспорту тармагындагы байланышты жана кызматташтыкты үзүүнү чечти",- деп айтылды.

Литва министринин орун басары жана анын 11 адамдан турган делегациясы ушул аптада аралга барып, өкмөт өкүлдөрү менен жолугушкан. 

 

 



Тектеш кабарлар