Зеленский билдирүү жасады

Зеленский украин армиясынын орустардын чабуулдарын жан аябастан токтотууну улантып жатканын айтты.

1864913
Зеленский билдирүү жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский, 24-февралдан бери Орусияга каршы согушуп жаткан өлкөсүнүн Донецк аймагында фронттогу абалынын дагы деле оор экенин айтты.

Владимир Зеленский Telegram аккаунтуна жарыялаган видеолуу кайрылуусунда, өлкөсүнүн чыгыш фронтторундагы акыркы абалдарына токтолуп, өзгөчө Донецк жана Харьков багытында кырдаалдын оор экенин белгиледи.

Зеленский украин армиясынын орустардын бул жердеги чабуулдарын жан аябастан токтотууну улантып жатканын айтты.

Украинанын президенти: «Донбасста абал дагы деле өтө оор. Биздин армия орус террорун токтотуу жана баскынчыларга мүмкүн болушунча чоң жоготууларды алып келүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат»,- деди.

Орус күчтөрүнүн Харьковго карай чабуулдарын көбөйтүү үчүн күчөгөнүн белгилеген Зеленский, бул жерде да катуу кагылышуулар болуп жатканын айтты.

Владимир Зеленский ошондой эле армиянын көбүрөөк куралга муктаж экенин баса белгилеп: «Биз күн сайын жана үзгүлтүксүз курал-жарак менен камсыз кылууну көбөйтүү, фронтко күчтүү жана узак аралыкка учуучу системаларды жөнөтүү үчүн иштеп жатабыз. Өнөктөштөрүбүздүн да колдоо пакеттери тууралуу жаңылыктарды күтүп жатабыз. Жакшы жаңылыктарды»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар