Канада Украинанын аскерлерин машыктырат

Анита Ананд борбор шаар Оттавада өткөргөн маалымат жыйында программанын алкагында ротация менен кызмат өтөй турган 225 аскерий машыктыруучудан 90унун 12-августта Улуу Британияга жөнөтүлө турганын жарыялады.

1863913
Канада Украинанын аскерлерин машыктырат

Канаданын улуттук коргоо министри Анита Ананд өлкөсүнүн Улуу Британияга Украинанын Куралдуу күчтөрүн аскердик машыгуудан өткөрүү үчүн машыктыруучуларды жөнөтөрүн билдирди.

Анита Ананд борбор шаар Оттавада өткөргөн маалымат жыйынында программанын алкагында ротация менен кызмат өтөй турган 225 аскерий машыктыруучудан 90унун 12-августта Улуу Британияга жибериле турганын жарыялады.

Ананд 10 миңден ашуун украин аскерине билим берүү пландалып жаткан программага Британия, Нидерландия жана Жаңы Зеландиядан аскер адистеринин да катыша турганын белгиледи.

2015-жылы Украина менен баштаган UNIFER программасынын алкагында 33 миңден ашуун украин аскерин машыктыргандарын белгилеген Ананд, 24-февралда башталган Орусия-Украина согушу менен токтотулган программанын кайрадан улантылып жатканын айтты.

Украин аскерлеринин июль айынан тарта Британияга барып машыгууларды ала баштаганын кабарлаган Ананд: «Өткөн кышында Украинада билим берүүгө тыныгуу бергенибизде, биз качан жана кайда болсо да машыктырууну уланта турганыбызды ачык айтканбыз. Азыр ошол убаданы аткарып жатабыз»,-деди.

Канадалык министр белгилегендей, машыгуулар алдыңкы сапта кармашууда талап кылынган жекече көндүмдөрдү, анын ичинде курал-жарактарды колдонуу, согуш талаасында биринчи жардам көрсөтүү, талаада жүрүүчү машиналарды жана патрулдук кызматтарды көрсөтүүгө багытталган.

Канада жетектеген аскердик машыгуу Британиянын түштүк-чыгышындагы аскер базасында өтүүдө.



Тектеш кабарлар