Муктеда ес - Садр мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылды

Ирактагы Садр кыймылынын лидери Муктада ес -Садр парламентти таратууну жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

1863448
Муктеда ес  -  Садр мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылды

Ирактагы Садр кыймылынын лидери Муктада ес -Садр парламентти таратууну жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

Муктада ес - Садр телекөрсөтүүдө сүйлөгөн сөзүндө борбор шаар  Багдадда өкмөттүк имараттар жайгашкан Жашыл аймакта  колдоочуларына  талаптары аткарылмайынча отурууну улантууга чакырды.

Шииттердин диний жана саясий лидери Садр парламентти жоюну жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып, Иран колдогон шиит саясий атаандаштарына диалог жана элдешүү эшигин жапты.

Мурдагы премьер-министрлерден Нури ел-Маликинин аны өлтүргүсү келгенин да айткан Садр : "Эгер коррупцияны жок кылууну кааласаңар, менден пайдалангыла. Ирак эли, эгер өзгөрүүнү кааласаңар, мен силерди күтөм",- деди.

Иракта октябрь айында өткөн шайлоодо жеңип чыккан Муктада ес -Садр Иранды жактаган партиялар менен өкмөт түзүүдөн баш тартып, андан кийин саясаттан кеткенин жарыялаган. Садрдан кийин өкмөттү түзүү милдети  атаандашы болгон Координациялык алкакка өткөн.

Координациялык алкак 25-июлда мурдагы эмгек жана социалдык иштер министри Мухаммед Шиа Суданини премьер-министрликке талапкер кылып шайлаганын жарыялаган.

Садрдын жактоочулары ишемби күнү Иранга жакын шиит саясий чатыр уюму болгон Координациялык алкактын премьер - министрликке талапкери Суданиге каршы нааразылык билдирүү үчүн Жашыл аймакка киришип, парламент имаратын басып алып, ал жерде отуруу акциясын баштаган.



Тектеш кабарлар