Француз министрдин «Үчтүк меморандум» тууралуу каңкуулоосу

Кэтрин Колонна Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк протоколун камтыган мыйзам долбоору кабыл алынар алдындагы сүйлөшүүлөрдө Сенаттан кийин Улуттук ассамблеяда сөз сүйлөдү.

1863488
Француз министрдин  «Үчтүк меморандум» тууралуу каңкуулоосу

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна НАТОго мүчө болуу өтүнүчү боюнча Швеция жана Финляндия менен Түркиянын кол койгон «үчтүк меморандумдун» альянстын башка мүчөлөрү үчүн милдеттүү эмес экенин жүйө кылды.

Кэтрин Колонна Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк протоколун камтыган мыйзам долбоору кабыл алынар алдындагы сүйлөшүүлөрдө Сенаттан кийин Улуттук ассамблеяда сөз сүйлөдү.

Франциянын тышкы иштер министри Скандинавиянын эки өлкөсүнүн НАТОго мүчө болуу арыздарынын жараянына токтолуп, «үч тараптуу меморандум» тууралуу, «Мен белгилеп кетким келет, меморандум Анкаранын кооптонууларын жоюу үчүн пайдалуу болгону менен, ал эч кандай түрдө НАТО же анын мүчөлөрү үчүн милдеттүү милдеттенме болуп эсептелбейт»,деген сөздү айтты.

Жикчил террордук уюм ПККнын Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан даярдалган террор тизмесинде болгонун, ПКК мүчөлөрү Түркия жана дүйнөнүн башка жерлеринде кол салып жатканын эске салган Колонна, «башка күрт топторун ПККдан бөлүп карашканын, бул алар үчүн негизги айырма экенин» айтты.

Террор уюму ЙПГ/ПККга да шилтеме кылган Колонна Франциянын «аймакты (Ирак/Сирияны) ДЕАШтан куткаруу үчүн күрөшкөн «күрт согушкерлерин» унутпай турганын» белгиледи.

Францияда Сенаттан кийин Улуттук ассамблея да Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк протоколун камтыган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ошентип, Франциянын парламенти Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн бекитти.

Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитинде НАТОго мүчөлүк үчүн арыз берген Швеция жана Финляндия менен Түркиянын ортосунда Түркиянын тынчсызданууларын чечүү үчүн «Үчтүк меморандумга» кол коюлган.

Түркия «Үчтүк меморандум» менен биринчи жолу ЙПГ/ПККнын НАТО документине киргенин жарыялады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 4-июлдагы билдирүүсүндө террордук уюм ЙПГ/ПККнын «үчтүк меморандум» менен биринчи жолу НАТО документине киргенин айткан.

 



Тектеш кабарлар